08:54
USD 87.45
EUR 102.03
RUB 1.06

Окурман: Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында кезек күткөндөрдүн саны көп

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында акыркы күндөрү кезек күткөндөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурмандар билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ түнү кабылдамада жогорку температурасы бар балдардын ата-энелери бир канча саат кезекте турушкан.

«Бул жакта негизинен балдар турат. Көбүнүн температурасы жогору. Айрымдары 3 саат бою кезек күткөндөр бар. Болгону 2 дарыгер аларды кабыл алып жатат», -деп билдирди окурман.

Эң көп окулган жаңылыктар