05:10
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

«Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча Кыргызстан 70-орунда турат

Дүйнөлүк банктын «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстан 7 көрсөткүч боюнча ордун жакшыртты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйында билдирди.

«Атаандаштыктын глобалдык көрсөткүчүндө биз өз позициябызды 5 көрсөткүч боюнча жакшыртып, дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн ичинде 97-орунда турабыз. Экономикалык эркиндик рейтингинде Кыргызстан 89-орундан 78-орунга көтөрүлгөн», -деди өкмөт башчы.

Глобалдык инновациялык көрсөткүч-2018 маалыматына ылайык, республика бир жылдын ичинде IT-кызматтарын экспорттоо көлөмү боюнча позициясын жакшыртып, 93-орундан 34-позицияга жылган.

Эң көп окулган жаңылыктар