18:40
USD 87.45
EUR 103.44
RUB 1.05

Кербен шаардык кеңешинин депутаты кишини сабоого шектелүүдө

Кербен шаардык кеңешинин депутаты кишини сабоого шектелүүдө. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Аксы РИИБсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-июнда Аксы районунун тургуну Тажимамат Алымкулов аймактык ооруканага келип түшкөн. Дарыгерлер бул тууралуу милицияга билдиришкен.

«Милиция жабырлануучудан арыз алышкан. Жабыркаган жаран 22-июнда Кербен шаардык кеңешинин депутаты сабап салганын айткан. Тиешелүү экспертиза дайындалды», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар