16:40
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

«Бишкек-Ош» унаа жолунда альтернативдик туннель курулат

«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Айтымында, туннелдин сметалык баасы — 235-250 миллион долларды түзөт.

«Туннелдин узундугу 11 чакырым болуп, ал өзүн 15 жылда актайт деп жатабыз, учурда анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда», — деди Бакыт Бердалиев.

Маалым болгондой, альтернативдик туннель үчүн акы алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар