Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга сапары жылдырылбайт. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.
Анын айтымында, Шавкат Мирзиеевдин качан келери азырынча белгисиз.
«Шавкат Мирзиеевдин иш сапары Кемпир-Абадка байланыштуу эмес. Өзбек элинин башчысынын мамлекеттик сапары экономикалык мүнөздө болот. Анткен менен чек ара маселелери күн тартибинде каралат», — дейт Нуран Ниязалиев.