03:03
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Ата мекендик ырчынын студиясынан 500 миң сомдон ашык акча тонолгон

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан студиядан музыкалык аппаратураны уурдаган шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Уурулук боюнча арыз милицияга 20-январда түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз адам музыкалык студияга терезени сындырып кирип, эки музыкалык колонканы, микрофонду, үч комузду жана музыкалык синтезаторду уурдап кеткен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 523 миң сомду түздү.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү 1991-жылы туулган жаран кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Басма сөз кызматы билдиргендей, тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү уурдалган музыкалык колонкаларды жана синтезаторлорду өз ыктыяры менен өткөрүп берип, буюм далили катары алынган.

Аталган студия ырчы Тотомидин Нурматович Жолдошовго таандык экенин 24-kg.com агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар