21:17
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.07

Сауд Арабиясы 73 жылдан кийин алкоголдук ичимдиктерге тыюу салууну алып салат

2026-жылдан тарта Сауд Аравиясынын 600гө жакын тандалган туристтик жана меймандостук аймактарында спирт ичимдиктерин чектөө менен сатууга жана колдонууга уруксат берүү пландалууда. Бул тууралуу DW өлкө жетекчилигине шилтеме берүү менен жазды.

Кеп беш жылдыздуу мейманканалар, люкс курорттор, дипломатиялык зоналар жана Неом же Синдала аралы сыяктуу туристтик жайлар жөнүндө болуп жатат.

Лицензиясы бар мекемелер пиво, шарап жана сидрди сата алат, бирок алкоголдук курамы 20 пайыздан ашкан суусундуктарга тыюу салынган бойдон калат.

Бийликтин бул чечими эл аралык иш-чараларга — Expo 2030 көргөзмөсүнө жана 2034-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярдыктын бир бөлүгү болуп саналат жана Сауд Аравиянын экономикалык өсүш боюнча улуттук планына, Vision 2030-га киргизилген.

Алкоголдук ичимдиктерге тыюу салуу өлкөдө 1952-жылдан бери киргизилген жана ал өлкөнүн жарандарына да, чет элдиктерге да тиешелүү.

Эң көп окулган жаңылыктар