2025-жылдын башынан бери туруктуу экономикалык өсүш сакталды. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү 36,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Пайдалуу кендерди казып алууда (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 9,7 пайызды түзөт) январь-июль айларында өндүрүштүн көлөмү 36,4 миллиард сомду, физикалык көлөмдүн индекси 114,6 пайызды түздү.
Өсүштөр төмөнкү кендерди казып алуунун өсүшүнүн эсебинен жетишилди:
Таш жана күрөң көмүр 15,2 пайызга (былтыргыдан 259,7 миң тоннага көп);
Металл рудалары 22,3 пайызга (негизги үлүшүн алтын камтыган концентраттар түзөт, өнөр жай түзүмүндө 70 пайыздан ашык);
Башка пайдалуу кендер 19,3 пайызга.
Республика боюнча бардыгы болуп көмүр казып алуу 1968,7 миң тоннаны түздү.