Имашова Албина Турдугуловна Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигиниен билдиришти.
Албина Имашеваны театрдын жамаатына маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.
Албина Имашева 2002-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.
2008-жылы Эл аралык Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалында «Тенгри» фильминде «Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн» сыйлыкка татыган.
2009-жылы «Кыргыз киносунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
2011-жылы Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты.
2017-жылы Маданият министринин «Ардак граматасын» алган.
2018-жылы «Ардак грамотасынын» ээси.
2024-жылы КР эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.