Бүгүн, 3-сентябрда саат 9:00дөн 6-сентябрда саат 16:00гө чейин Кийизбаев көчөсүндөгү № 1/3, 22/1, 22 үйлөрдө ысык суу болбойт. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул түтүктөрдү алмаштыруу иштери менен байланыштуу болууда.
“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен кабыл алууну суранат.