13:34
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Эмдөөлөрдү жеке клиникалар жасай алышат. Мыйзам долбоору парламентке сунушталды

«Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» мыйзамга профилактикалык эмдөөлөргө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте каттоодон өттү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда улуттук календарга киргизилген профилактикалык эмдөөлөр негизинен мамлекеттик медициналык мекемелерде жүргүзүлүүдө. Бул жеке клиникаларда дарыгерлердин көзөмөлүндө турган жарандарга бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Алар комплекстүү медициналык жардам алуу үчүн эки медициналык уюмга барууга аргасыз болушууда бирок мамлекеттик клиникалардын жүктөрү көп болуп жатканы белгиленди.

Андыктан профилактикалык эмдөөлөрдү мамлекеттик гана эмес, жеке медициналык уюмдарда да жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда.

«Бул эмдөө системасынын натыйжалуу болушу үчүн шарттарды түзөт, жарандар үчүн административдик тоскоолдуктарды жок кылат жана профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу деңгээлин жогорулатат, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт», — деп эсептейт Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.

Эң көп окулган жаңылыктар
8-сентябрь, дүйшөмбү