«Ала-Тоо» кинотеатрында Түрк кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылышта түрк жылдыздары — актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылыч менен Аныл Алтан кызыл килемдин ардактуу коноктору болушту.
Көрсөтүүлөрдүн программасы:
• 4-сентябрь: «Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири» — реж. Мурат Фыратоглу
• 5-сентябрь: «Сүйүү байланыштары» — реж. Хакан Куршун
• 6-сентябрь: «Акылдан жүрөккө» — реж. Өзер Фейзиоглу
• 7-сентябрь: «Хай Хак Карагөз — Хаживат» (анимациялык тасма) — реж. Кенан Акташын
• 8-сентябрь: «Эрке» — реж. Онур Үнлү
Бардык көрсөтүүлөр «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.