Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов Жалал-Абаддын атын Манас деп өзгөртүү демилгеси боюнча комментарий берди. Бул тууралуу пикирин Фейсбук баракчасында бөлүштү.
«Поезд» ордунан жыла баштады, аны токтото албайт окшойбуз... Бирок, эгер алар атын өзгөртүүнү чечсе, анда логикалык жактан жана аттардын маанисине ылайык, Бишкек өлкөнүн башкы шаары эмес, Манас болуп калышы керек.
Демек, борборду түштүккө, Жалал-Абад облусуна (же Манаскабы?) жылдыруу керек.
Азыр Ош Бишкектен кийинки экинчи негизги шаар деп аталат. Манас шаары бул катарда үчүнчү боло албайт, биринчи гана!«, — деди мурдагы өкмөт башчы.
«Ошондуктан Манастын аты бардык шаарлардын башында турса туура болот», -деди Кулов
«Мен жеке өзүм борборду түштүккө көчүрүүнү азыр эмес, бирок бул үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр пайда болгондо колдойт элем», — деп кошумчалады Феликс Кулов.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкканы маалымдалган.