Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы бөлүмүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Буга чейин айрым ЖМКларда жөнөкөй жарандар кезекке туруу үчүн бир нече саат күтүүгө аргасыз болуп жаткандыгы маалымдалган. Бул маселени жөнгө салуу боюнча чечкиндүү аракеттер болбогону үчүн коомчулукта ар түрдүү нааразычылыктар жана сын пикирлерлер жаралган.
3-сентябрь мамлекеттик каттоочулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.