16:59
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Токмоктогу жол кырсыгы: мотоцикл айдоочу үй-бүлөнү сүзгөн, наристе көз жумду

Токмок шаарында жол кырсык катталды: мотоцикл айдоочу үй-бүлөнү жолдон сүзүп, натыйжада 10 айлык кыз каза болду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Токмокто мотоцикл айдоочу үй-бүлөнү сүзүп, ымыркай көз жумду

Окуяга күбө болгондордун айтымында, баланын ата-энеси жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Алар экөө тең 21 жашта болгон. Окуя болгон жерде мотоциклдин айдоочусу 23 жаштагы жигит калган.

Күбөлөр кырсык күтүүсүздөн болуп, окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатканын белгилешүүдө. Окуянын чоо-жайы такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар