16:59
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Айыл Банктын «Мекендеш» ипотекалык кызматы менен эмгек мигранттары үйлүү болууда

«Айыл Банк» чет өлкөдө эмгектенип жаткан мекендештерибиз үчүн турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдеткен «Мекендеш» ипотекалык продуктун сунуштайт. Эми Россия Федерациясында жана Чехия Республикасында иштеген Кыргызстандын жарандары өз мекенинде үйлүү болуу үчүн ыңгайлуу шарттарда кредит ала алышат.

Кредиттин негизги шарттары:

  • Максаты: турак жай кыймылсыз мүлктү сатып алуу;
  • Суммасы: 300 000 сомдон 7 000 000 сомго чейин;
  • Мөөнөтү: 10 жылга чейин;
  • Валюта: сом;
  • Пайыздык чен:
    • Өз салымы 30 пайыздан болгондо — жылдык 18пайыз;
    • Өз салымы 40 пайыздан болгондо — жылдык 18 пайыз;
    • Өз салымы 50 пайыздан болгондо — жылдык 16 пайыз.

*Натыйжалуу пайыздык чен: жылдык 18 пайыздан тартып.

Акциянын мөөнөтү — 2025-жылдын 31-декабрына чейин.

Керектелүүчү документтер:

Россияда иштеген жарандар эмгек келишими, миграциялык карта, каттоо маалыматы жана киреше тастыктоочу документтерди сунушташы керек. Ал эми Чехияда иштегендер үчүн эмгек келишими, тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жана лицензиялары талап кылынат.

Толук маалыматты ab.kg сайтынын ала аласыз.

Улуттук банктын лицензиясы № 048

Эң көп окулган жаңылыктар