16:59
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Мурадил Жумадилде уулу Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси болду

Мурадил Жумадилде уулу Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчилигине кайрадан шайланды. XXVII съездде бир добуштан чечим кабыл алынды.

Уюмдун маалыматы боюнча, кесиптик форумга республиканын бардык аймактарынан 118 делегат келген. Съезддин ишине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Канат Сагынбаев да катышты.

Мурадил Жумадилде уулу баяндама жасап, акыркы бир жарым жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгарды. Андан соң «Келечектин профсоюздары: Курс-2030» стратегиясы менен тааныштырды.

Делегаттар профсоюздар федерациясынын уставынын жаңы редакциясын, көзөмөл комиссияларынын отчетторун бекитишти жана жетекчи органды түзүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар