Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бир катар мал уурулук фактысына шектелген облустун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБге 30-июль жана 14-август күндөрү Сосновка жана Полтавка айылдарынын жашоочуларынан короо-сарайлардан мал уурдалгандыгы боюнча арыздар түшкөн.
Бул фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иштери козголгон.
Белгиленгендей, эки катталган эпизоддон тышкары, милиция дагы үч ушул сыяктуу уурулук фактысын ачкан.
Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.