Садыр Жапаров жаңы мектеп жана бала бакчаларды куруу үчүн «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясынын аймагынан 10,48 гектар жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн маалымдама-негиздемесинде айтылат. Документ коомдук талкууга коюлду.
Долбоорду иштеп чыгууга Чоң-Арык айылынын тургундарынын Садыр Жапаровго жамааттык кайрылуусу себеп болгон. Анда аталган конуштагы билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин чечип берүү өтүнүчү айтылган. Мектептердин жана бала бакчалардын жетишсиздиги балдардын мектепке чейинки жана мектептеги милдеттүү билим алуусуна жолтоо болууда.
«Калктын өсүшүн жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу менен бул айылда билим берүү процесси үчүн шарттарды түзүү приоритеттүү болуп саналат», -деп белгилейт Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү.
«Чоң-Арык айылында жер тилкелеринин жоктугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамдын 10-2-беренесинин колдонуудагы редакциясында оптималдуу чечим катары мамлекеттик резиденциянын аймагынан жер бөлүп берүүгө тыюу салынган. Буга байланыштуу долбоорго мамлекеттин социалдык жана билим берүү муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жер тилкеси», — деп айтылат негиздеме документте.
Ошондой эле, билим берүү жана социалдык мекемелердин инфраструктурасына заманбап талаптарга жооп берери жана жаңы бала бакчаларды, мектептерди жана саламаттыкты сактоо мекемелерин уюштурууга мүмкүнчүлүк берери түшүндүрүлөт. Бул Бишкек шаарынын Чоң-Арык айылында жана ага чектеш конуштарда балдар үчүн билим берүү кызматынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.