07:47
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Азия кубогу (U 23). Финалдык турдун бардык катышуучулары аныкталды

2026-жылдын 7-январынан 25-январына чейин Сауд Арабияда өтө турган Олимпиадалык командалар (U-23) арасындагы Азия кубогунун финалдык этабынын бардык катышуучулары аныкталды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын сайтында маалымдалды.

Тандоо турнирине 11 тайпага бөлүнгөн 44 команда катышты. Финалдык баскычка он алты команда — тайпанын жеңүүчүлөрү жана төрт мыкты экинчи орунду алган командалар чыгышты.

Азия Кубогуна Иордания, Япония, Вьетнам, Австралия, Кыргызстан, Таиланд, Ирак, Катар, Иран, Корея Республикасы, Сирия, Кытай, Өзбекстан, Ливан, Бириккен Араб Эмираттары жана турнирдин кожоюну Сауд Арабиясы беттешет.

Чучукулак октябрь айында өткөрүлөт: командалар төрт топко бөлүнөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан курама командасы (U-23) биринчи жолу Азия Кубогунун финалдык баскычына чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар