2025-жылдын 15-20-сентябрь күндөрү Ош шаарында XIII Республикалык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бул ири маданий иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз ССРнин эл артисти Сулайман Андабековдун 100 жылдык мааракесине арналган.
Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 14 театр катышып, ар бири өзүнүн мыкты деген бирден спектаклин тартуулашат.
Фестивалдын расмий ачылыш аземи 16-сентябрда саат 11:00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдындагы аянтта өткөрүлөт. Жабылуу аземи 20-сентябрь күнү саат 18:00дө ошол эле театрда болот.
Фестивалдын программасы
15-Сентябрь
15:00 — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры — Ч. Айтматовдун «Кыямат» спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
19:00 — Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театры — Н. Рыскул кызынын «Жусуп» спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
16-Сентябрь
11:00 — Фестивалдын ачылыш аземи
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдындагы аянт)
12:00 — К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры — А. Усонбаев, М. Байжиев, К. Сыдыковдордун «Каргыш» спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
18:30 — Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы драма жана сатира театры — С. Раевдин «Илегилек» спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
17- Сентябрь
11:00 — Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры — М. Байжиевдин «Он экинчи күн» спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
15:00 — Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры — Ч. Айтматовдун «Свидание с сыном» спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
19:00 — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры — Ф. Зеллер, М. Байжиев, К. Акматовдордун «Эне» спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
18- Сентябрь
11:00 — А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры — С. Раевдин «Барсбек» спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
15:00 — К. Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры — С. Каралаевдин «Эр Төштүк» спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
19:00 — К. Акиев атындагы Жумгал музыкалык-драма театры — Н. Рыскул кызынын «Жаша, Мыскал» спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
19- Сентябрь
11:00 — Кочкор райондук музыкалык-драма театры — Ч. Айтматовдун «Бетме бет» спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
15:00 — Мамлекеттик «Учур» жаштар театры — В. Гуркиндин «Чиркин өмүр» спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
19:00 — М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры — Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
20- Сентябрь
11:00 — Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры — А. Теленбаевдин «Нурамандын ак чатыры» спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
18:00 — Жабылыш аземи
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)