17:54
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

Кыргызстанда Ислам академиясы ачылат

«Жакынкы күндөрү Токмак шаарында диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу, дин министрлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу максатында түзүлгөн Ислам академиясы ачылат», — деди президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин диний лидерлеринин делегациясы менен жолугушууда.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун кызматташтыгындагы маанилүү багыттардын бири — дин жаатында өз ара аракеттенүү экенин баса белгиледи.

«Биз ыйман менен адептин, биримдик менен ынтымактын дини болгон Исламдын баалуулуктарын түрк дүйнөсүнүн улуттук наркы, салты менен айкалыштырып, жалпы элибиздин жаркын келечеги үчүн кызмат кылууга тийишпиз. Бул, өз кезегинде, коомдун адеп-ахлагын чыңдайт.

Ошондуктан, сиздердин жыйыныңыздар жалпы түрк мамлекеттеринин руханий биримдигин бекемдеп, бир туугандык жана боордоштук мамилелерибизди арттырууда чоң мааниге ээ», — деди президент.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымы жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын «Айкөл» ордени менен сыйланды.
Эң көп окулган жаңылыктар