17:54
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

Кыргызстанда Өзөктүк медицина борбору түзүлөт

Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министр Эркин Чечейбаевдин Бишкекте өткөн эл аралык конференциядагы сөзүнө таянып билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоо министри бул долбоордун стратегиялык маанисин белгилеп, ал Кыргызстандагы онкологиялык кызматты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болорун баса белгиледи. Ошондой эле долбоорду «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен ыкчам ишке ашырууга үмүт билдирди.

Мындан тышкары, индиялык өнөктөштөр менен заманбап жабдууларды — сызыктык ылдамдаткычты жеткирүү боюнча келишимдерге жетишилди. Бул онкологиялык кызматтын техникалык базасын олуттуу түрдө чыңдайт.

Чечейбаев онкологиялык кызмат Кыргызстанда кеңири реформалардан өтүп жатканын, алардын негизги максаты диагностика сапатын жогорулатуу жана бейтаптардын жашоо көрсөткүчүн жакшыртуу экенин белгиледи: «Биз онкологиялык ооруларды дарылоодо эң алдыңкы технологияларды киргизүүгө умтулабыз», — деди министр.

Конференция Улуттук борбордун 65 жылдык мааракесине арналып, ага минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева, ошондой эле Беларус, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Россия жана Түркия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы онкологдору жана онкологиялык кызматтарынын жетекчилери катышышты.

Эң көп окулган жаңылыктар