Кыргызстанда 35 миңден ашык рак оорусу катталган. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган «Онкологиянын мурасы жана келечеги» аттуу эл аралык конференцияда Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, республикада жыл сайын 5,5-6 миң жаңы рак оорусу катталат.
«Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда онкологиялык оорулардын 35 миңден ашуун учуру катталган. Булар негизинен оорунун акыркы стадиясында медициналык жардамга кайрылган бейтаптар. Мындай учурларда жардам көрсөтүү кыйынга турат — бир жылдын ичинде көптөгөн бейтаптар каза болуп калышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин негизги максаттарыбыздын бири — эрте диагностика. Рак оорусун биринчи же экинчи стадиясында оңой эле дарыласа, анын өмүрүн сактап кала тургандыгы белгилүү», — деди.
Нурбек Букуев кыргызстандыктарды оорунун белгилери жок болсо да текшерүүдөн өтүүгө чакырды.
Конференциянын алкагында адистер дарылоонун акыркы технологияларын көрсөтүп, кесиптештери менен тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Кесиптик форумга Орусия, Беларусь, Түркия, Кытай жана Индиядан онкологдор катышууда.