04:27
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Алымбек датканын 225 жылдыгы: Айтышта баш байгени Чыңгызхан Кожош жеңди

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
Фото Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү. Гран-при ээси Чынгызхан Кожошев

Бүгүн, 12-сентябрда Алай районундагы Калама жайлоосунда көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын финалы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, финалдык турга сегиз жуп төкмө акындар катышты. Мелдештин жыйынтыгында баш байгени Чыңгызхан Кожошев жеңип алды.

Жыйынтыгында орундар төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү:

• 3-орун — Жылдызбек Төрөканов (200 миң сом),

• 2-орун — Кутман Садыбакасов (300 миң сом),

• 1-орун — Изат Айдаркулова (500 миң сом).

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Эльчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана жергиликтүү тургундар катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.

Эске салсак, эл аралык айтыштын байге фонду 6 миллион сомду түзүп, баш байгеге Ош шаарынан 1 бөлмөлүү батир коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар