11:36
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Төө-Ашуудагы туннелдин эки тарабына асфальт төшөлүүдө

Төө-Ашуу ашуусундагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин айланасын жашылдандыруу иштери уланууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, туннелдин түндүк тарабына асфальттын биринчи катмары толугу менен төшөлдү. Түштүк тарапта жол иштери кызуу жүрүп жатат.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Төө-Ашуудагы туннель жаңыланууда

Мындан тышкары, Бишкек — Ош жолундагы туннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар