00:46
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту

Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

57 килограммга чейинки салмак ченинде финалда атаандашы түндүк кореялык Чонг Сонг Ханга утулуп калды.

Балбан алгачкы беттешинде канадалык Гаррет Остин Сандерсти мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсебинде жеңсе, 1/8 финалда япониялык Рин Сакамотону утту. Чейрек финалда Македониянын балбаны Владимир Егоровду 16:5 эсебинде дагы мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар