13:57
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Бүгүн Хорватиядагы дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы килемге чыгат

Бүгүн, 16-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы килемге чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мкмлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 76 килограмм салмак ченинде мелдешке катышат.

Кыргыз балбаны беттешти 1/8 финалдан баштап, түркиялык Элмира Ясин менен таймашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар