04:19
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

«Ата-Бейитте» баатырлардын элеси эскерилди: Чек ара жаңжалына 3 жыл

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон кайгылуу окуялардын үч жылдыгына арналган жыйын-реквием болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагерлер жана УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы катышты.

Митинг-реквием жоокерлердин түбөлүк жайына гүлчамбар коюу менен башталды. Андан кийин чек ара жаңжалында курман болгондорго куран окулуп, андан соң иш-чаранын катышуучулары бир мүнөт үн катпай эскеришти.

Белгилей кетсек, 28-майда мамлекеттик чек араны коргоп жатып курман болгон аскерлердин урматына эстелик тургузулган. Жаңы монумент тынчтыктын баасы канчалык жогору экенин эске салат жана Кыргызстандын коопсуздугу үчүн өмүрүн берген баатырларга арналып тургузулган. Гранит такталарга 2000-жылдан бери болуп келген куралдуу кагылышууларда каза болгон 59 аскер кызматкеринин ысымдары жазылган. Алардын ичинен 50сү чек арачылар болду.

Чек ара сакчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган төрт чек арачы «Ата-Бейиттин» аймагында жерге берилген.

Курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган иш-чаралар бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын бардык облустук башкармалыктарында өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар