00:02
USD 87.45
EUR 103.62
RUB 1.06

Бишкекте жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

17—18-сентябрь күндөрү Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстанга расмий сапары жана Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги түрк мамлекеттеринин биринчи жыйыны өтүшүнө байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Чектөө киргизилүүчү аймактар:

«Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын кире беришине чейинки жол;

Фучик көчөсү (шаардын четинен Чүй проспектисине чейин);

Чүй проспектиси (Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин чыгыш багытта);

Манас жана Ч.Айтматов проспектилери (түштүк тараптан «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү);

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жол тилкеси.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн көчөлөр толугу менен жабылбайт. Жол кыймылына чектөөлөр делегациялардын кортежи өтүп жаткан учурда гана маал-маалы менен киргизилет. Эгер кырдаалга жараша башка жолдорго да чектөөлөр киргизүү зарыл болсо, кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар