04:54
USD 87.45
EUR 103.62
RUB 1.06

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары качан өтөрү белгилүү болду

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтүп, салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарында, ал эми жабылыш аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө болот.

Уюштуруу комитетинин маалыматка ылайык, оюндардын негизги программасы (ачылыш аземинен башкасы) кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, бул жер дүйнөнүн 89дан ашуун өлкөдөн келген катышуучулар менен коноктордун башкы чогулуучу жайына айланмакчы.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын, дүйнө элдеринин маданияттарынын диалогу үчүн өзгөчө эл аралык аянтча экенин тастыктайт",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-июнда президенттин администрациясында Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отуруму болуп өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар