05:44
USD 87.45
EUR 103.62
RUB 1.06

Ысык-Көл облусунда трассада бараткан унаа курулуш чуңкуруна кулап кеткен

Ысык-Көл районунун Темировка айылында адаттан тыш жол кырсыгы катталды. Окуяга күбө болгондордун айтымында, трассанын курулуп жаткан бөлүгүн бойлой бара жаткан унаа бетон конструкциялары үчүн казылган чуңкурга кулап кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу алдыда жар бар экенин билген эмес жана реакция кылууга үлгүрбөй калган. Жабыркагандар жана оор жаракат алгандар жок.

Жергиликтүү тургундар жолдун тилкеси жакшы тосулуп, жарыктандырылбагандыктан окуяга себеп болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар