01:28
USD 87.45
EUR 103.44
RUB 1.05

Кытайда жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды

Кытайдагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жараны А.А., Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктунда кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, соттолгон аялды өткөрүп берүү эки өлкөнүн ортосундагы 2012-жылдын 5-июнунда Пекинде кол коюлган соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча келишимдин алкагында ишке ашырылган.

Кыргыз тарап эки тараптуу келишимдин жоболорун ишке ашырууда конструктивдүү кызматташуу үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Министрлик Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте Башкы прокуратурага чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды жаза мөөнөтүн өтөөнү улантуу үчүн мекенине өткөрүү маселелеринде көмөк көрсөтүүнү уланта турганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар