Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева коло медаль тагынды. Бул тууралуу UWW сайты билдирди.
Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште ал франциялык Полин Лекарпентерди 5:0 эсебинде утуп алды.
Буга чейин Нурзат Нуртаева казакстандык Жамиля Бакбергенова менен америкалык Александра Глейдди жеңип, кийин украиналык Алла Белинскаяга утулуп калган.
Эске сала кетсек, Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.