22:12
USD 87.45
EUR 102.85
RUB 1.05

Бишкекте Нүзүп Аталыктын эстелиги ачылды

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкектин четиндеги Орок айылында XIX кылымдын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Нүзүп Аталыктын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанатка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Нүзүп Аталык тууралуу китептин автору, жазуучулар, тарыхчылар жана шаар коноктору катышты.

Эстелик Жайыл баатыр көчөсүндө, Б.Алыкулов жана Муромск көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган. Монументтин автору скульптор Сейит Калбаев болгон. Эстеликтин бийиктиги 5,8 метр, постамент 7 метрге жетет.

Иш-чара тарыхый инсан Нүзүп Аталыкка арналган театралдаштырылган оюн-зоок менен ачылды.

Маалымат үчүн: Нүзүп Аталык (1794-1844) — Аксы жергесинде туулган белгилүү мамлекеттик ишмер жана XIX кылымдын аскер башчысы. Ал кыргыздардын ичинен биринчи болуп «миң башы» аскердик наамын алган. Ар башка булактардагы маалыматтар боюнча Нүзүп Эсенбай уулу 1794 — жылы (башка версиялар боюнча 1796-1798-жж.) Аксы районунун Афлатун айылында туулган. Атасы Эсенбай Кокон хандыгынын саясий турмушунда салмактуу орду бар, кадыр-барктуу жана таасирдүү адам болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар