15:24
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

ЖК депутаттыгына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилбейт

Алдыдагы парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сынак өткөрүлбөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия-Кыргыз билим берүү форумунун экинчи жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын кыргыз тилин А2 деңгээлинен кем эмес деңгээлде билүүсүн талап кылгандыктан, коомчулукта активдүү талкуу жаратып, түрдүү пикирлерди жараткан.

Эдил Байсалов быйылкы жылдын жаз айларында бул талапты киргизүүнү бир нече жылга жылдыруу мүмкүндүгүн жарыялаганын эске салды. Мындай чечим мыйзамды ишке ашырууда адилеттүү жана жүйөлүү өткөөл мезгилди камсыздоого, ошондой эле тиешелүү шарттар менен ресурстарды даярдоого мүмкүндүк берет.

Эң көп окулган жаңылыктар