19:18
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.05

III Парламенттер аралык форумдун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды

Бүгүн, 23-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды.

Парламенттер аралык форумда айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу: «Биз биргелешкен аракет менен чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыздоого жана коңшулаш жашаган беш мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуу боюнча пикир алмаштык. Көтөрүлгөн ар бир маселе эске алынып, Бишкек декларациясында камтылды. Бул декларация Борбордук Азиядагы мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы диалогду кеңейтип, аймактык өнүгүүнүн башкы жол картасы болоруна терең ишенем», — деди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. III Парламенттер аралык форумдун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды

Ошондой эле декларацияны колдоого алган парламент жетекчилерине ыраазычылыгын билдирген Төрага форум өз максатына жеткенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар