16:10
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.05

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын ачылыш аземине катышты

Садыр Жапаров АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Дебаттар башталар алдында мамлекет башчысын БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан тосуп алуу аземи болуп өттү.

Дебаттардын ачылышына дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик сессиясы «Жакшысы — биргелешип аракеттенүү» деген ураан менен ачылды. Бул маарекелик мезгил эл аралык тынчтыкты бекемдөө, туруктуу өнүгүү жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди туюнтат.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар