19:26
USD 87.45
EUR 102.95
RUB 1.05

Чемпиондор Лигасы: «Кайрат» — «Реал Мадрид» беттешине билеттер сатылып бүттү

Чемпиондор Лигасынын 2-турунун алкагында Казакстандын "Кайрат" менен "Реал Мадрид" командаларынын беттешине билеттердин баары сатылып кеткенин клубдун маалымат кызматы билдирди.

Беттеш 30-сентябрда саат 21:45те Алматы шаарындагы 26 миңден бир аз ашык көрүүчү бата турган борбордук стадиондо өтөт.
Стадионго кирүү саат 18:45те, башталышына 3 саат калганда ачылат. Коопсуздукту үзгүлтүксүз текшерүү жана узун кезектерге жол бербөө үчүн эрте келүү сунушталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар