Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келет деп белгиледи.
Ал Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара берерин баса көрсөттү.
«Бирок биз жарандарыбыздын кызыкчылыгын, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чала албайбыз!», — деп билдирди Мамлекет башчысы.
Ал Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандар тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделгенин ырастады.
Буга байланыштуу, Президент Садыр Жапаров мамлекет банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айтты.
Ал 2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгонун белгилеп өттү. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн.
Ушундан улам, ал кимдир бирөөлөр Россия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салып жатканын белгиледи.
«Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Ошондуктан, Президент белгилегендей, экономикалык жактан алганда Кыргызстан Россия менен кызматташпай коё албайт.
Президент Садыр Жапаров башкалар менен тирешүүнү каалабастыгын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Ал мисалы, Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын белгилеп өттү.
«Менин өлкө Президенти катары биринчи милдетим — жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу», — деп белгиледи Садыр Жапаров.