Кыргызстандык ишканалар Түштүк Кореяга эт экспорттойт. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бир нече компаниялар, анын ичинде «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсында үлүшү бар кыргыз-корея биргелешкен ишканасы кызматташууга макулдашты.
Келишимде биргелешип өндүрүш, даярдоо жана термикалык иштетилген этти Корея Республикасына экспорттоо каралган.
Өнөктөштөр эл аралык стандарттарга жооп берген жогорку сапаттагы эт азыктарын жеткирүү, экспорттук операцияларды жүргүзүү, документтерди тариздөө жана кореялык импортерлор менен өз ара аракеттенүү үчүн жооп берет.
«Кыргыз Агрохолдинг» ААК өз компетенциясынын чегинде колдоо көрсөтөт: ветеринардык жана уруксат берүүчү документтерди алууга көмөктөшүү, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү иш чараларын ишке ашырат.