18:13
USD 87.45
EUR 102.95
RUB 1.05

Бишкекке Чүй облусунан 20 миңге чейин бала окууга келишет

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкектеги класстардын толуп калган маселеси боюнча Биринчи радионун эфиринде комментарий берди.

«Айрым мектептерде 40-50 окуучу бар класстар бар, бул чындык. Ички миграция жыл сайын күчөп баратат. Быйыл тышкы миграция да болуп жатат, АКШдан жана Орусиядан кайтып келген жарандарыбыз. Буга байланыштуу калктын саны өсүүдө», — деди ал.

Министрдин айтымында, борбордогу мектептерде 103 миң орунга ылайыкташкан бирок учурда 257 миң бала билим алып жатат.

«Бир эле Чүй облусунун коңшу райондорунан 20 миңге жакын бала Бишкекке окууга келишет. Мыйзам боюнча биз аларды чектеп, баарын кабыл ала албайбыз. Бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу борбор калаага мектептерди курууга багытталган 56 миллион доллар инвестициялык келишимди ишке ашыруу керек», — деди ал.

Догдуркүл Кендирбаева президенттин жаңы мектептер саясий кызыкчылык үчүн эмес, реалдуу муктаждыктардан улам курулат деген көрсөтмөсүн эске салды.

«Эски мектептин жанына жаңы имарат курулуп, коңшу айылдын балдары жараксыз, авариялык абалда окуп жаткан учурлар болгон. Муну токтотуп жатабыз», — деди Садыр Жапаров буга чейин.

Биринчи кезекте мектептердин толуп калган маселелери чечилет.

Эң көп окулган жаңылыктар