16:24
USD 87.44
EUR 102.65
RUB 1.07

«Манас» эл аралык аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылы бүткөрүлөт

«Манас» эл аралык аэропортунун жаңы терминалын 2026-жылы бүткөрүү пландалууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана «Кыргызстандын аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов курулуш аянтын жеринде көрүп чыгышты.

Алар долбоордун негизги этаптарын, курулуштун темпин, сапатты жана мөөнөттү камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулашты.

Планга ылайык, заманбап терминалдын курулушу 2026-жылдын жай айларында аяктайт. «Манас» аэропорту ишке киргенден кийин жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн эл аралык стандарттарына жооп берген ыңгайлуу жана функционалдык болот", — деп билдирет АКнын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу аэропорттун имаратына жүргүнчүлөр үчүн гана кирүү убактылуу чектелген. Жүргүнчүлөрдү тосуп алуу жана узатуунун ынгайлуулугу үчүн башкы кире бериштин алдында учуп кетүү жана учуп келүү маалымат такталары орнотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар