16:27
USD 87.44
EUR 102.65
RUB 1.07

Бишкекте авариялык сигналдарды мыйзамсыз колдонгон айдоочу кармалды

Бишкекте рейд учурунда мыйзамсыз орнотулган авариялык сигналдар жана үн аппараттары орнотулган унаа токтотулду. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин айдоочулук укугунан ажыратылган айдоочу телефон аркылуу маселени чечүүгө аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес.

«Унаа айып жайга киргизилди. Айдоочуга карата кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул унаа буга чейин камакка алынган. Эми мыйзамсыз орнотулган авариялык сигналдарды жана үн аппараттарын конфискациялоо маселеси каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар