Караңгыда телефондо убакыт өткөрүү көзүңүз үчүн кооптуу экенин окулист жана медицина илимдеринин доктору Татьяна Павлова эскертти. Бул тууралуу Lenta.ru сайты жазып чыкты.
Дарыгер бул адат көрүүнүн начарлашына алып келерин эскертти. Мындан тышкары, ал белгилегендей, көздүн өзгөчө анатомиялык түзүлүшү бар адамдар «тар бурчтуу камера» тобокелдиктин тобуна кирет. Бул адамдарда жарыктын жетишсиздигинен улам каректин кеңейиши көздүн ичиндеги суюктуктун агып чыгуу жолдорун жаап калышына алып келиши мүмкүн.
Бул учурда смартфондун экранынан келген жарык бурчтун жабылуучу глаукомасынын курч чабуулун козгошу мүмкүн. «Эгер дароо (бир нече сааттын ичинде) дарылабаса, көздүн ички басымы көрүү нервинин орду толгус бузулушуна алып келет. Анын кесепеттери артка кайтарылгыс абал тактап айтканда жоголгон көрүүнү калыбына келтирүү мүмкүн эмес», — деп баса белгиледи офтальмолог.