04:41
USD 87.45
EUR 102.03
RUB 1.06

Кыргызстанда 60 миңден ашуун адам ипотекалык үй алуу үчүн кезекте турат

Кыргызстанда 60 миңден ашуун адам ипотекалык үй алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Биринчи радиого Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Чүй облусундагы аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мырзагүл Сардарбекова билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания бул маселеде бирден-бир ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат жана коомчулуктун компанияга ишеними жогору болуп саналат.

«Учурда өлкө боюнча 70 миңге жакын ипотекалык батирлер курулуп жатат. Биздин мүлктөр борборлоштурулган электр энергиясы, суу, канализация системалары менен камсыздалган жана алардын көбү өз отканалары менен жылытылат», — дейт Мырзагүл Сардарбекова.

Ал кошумчалагандай, ипотеканын үч түрү бар: социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү.

Мамлекеттик программанын алкагында өлкөбүздө жалпы аянты 4 миллион чарчы метрди түзгөн 925 көп кабаттуу үй курулуп жатканы мурда маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар