3-октябрга караган түнү «Ак-Ордо» конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдө адам өлтүрүү болгон. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көзөмөл камераларынан алынган видеого кылмышка шектүү жаран түшүп калган. Окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим — кепка табылган.
"Урматтуу жарандар! Эгерде сүрөттөгү адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билсеңиздер, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.
Ички иштер министрлиги маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталат. Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.
Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоо каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөө иштери аяктап жана шектүү кармалгандан кийин, коомчулукка дароо маалымат берилет",-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Бишкек шаарындагы Ак-Ордо-3 конушунда эки адам өлтүрүлгөнү кабарланган болчу.