Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга үч саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого талапкерлерди көрсөтүү боюнча расмий билдирүүлөрүн тапшырды.
БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, үч партиядан расмий билдирүү түштү:
— партия «Кырк ууз»
— партия «Легалайз»
— партия «Ынтымак».
Мыйзамга ылайык, эми бул саясий партиялар съезд өткөрүп, ар бир округдан бирден талапкерди жашыруун добуш менен көрсөтүш керек.
Эске салсак, партия өзүнүн съездинде ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтөт. Съезддин чечими партиянын мөөрү менен бекитилип, кол коюлуп, БШКга жөнөтүлөт.
Партия өз мүчөсү болуп саналбаган Кыргызстандын жаранын талапкерликке көрсөтө алат. Бирок башка саясий партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укугу жок.
Тизмени түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш, анда бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоосу керек.