2026-жылдагы ажылыкка даярдык көрүү боюнча республикалык штаб ажылыкка баруучуларды каттоо мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим штабдын кезектеги жыйынында кабыл алынды. 2025-жылдын 23-сентябрынан 2-октябрга чейин каттоого жетишпей калгандар үчүн, ажылык базага талапка ылайык каттоо мөөнөтү 7-октябрь, саат 17:00гө чейин узартылды
Эскерте кетсек, өлкөдө 2026-жылдагы ажылыкка жаңы талапкерлерден арыз кабыл алуу 23-сентябрда башталган. Ажылык сапарга барууну пландаган жарандар белгиленген мөөнөттө каттоодон өтүшү керек. Кечигип келгендер кабыл алынбайт.