2025-жылдагы физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы Мэри Бранков, Фред Рамсделл жана Саймон Сакагучиге ыйгарылды. Бул тууралуу Нобель комитетинин сайтында жарыяланды.
Үч окумуштуу «перифериялык иммундук толеранттуулук жаатындагы ачылыштары үчүн» тандалган. Алар изилдөөнүн жаңы тармагына негиз салышты.
«Дененин күчтүү иммундук системасы жөнгө салынышы керек, антпесе ал биздин органдарга кол салышы мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.
Алардын эмгегинин аркасында, мисалы, рак жана аутоиммундук ооруларды дарылоонун жаңы ыкмалары иштелип чыккан.
Учурда сыйлык 11 миллион швед кронуна (болжол менен 900 000 евро) жетет. Медицина боюнча Нобель сыйлыгы 115 жолу берилген. 2024-жылга чейин 229 адам Нобель сыйлыгына татыган.
Эске салсак, Нобель комитети сыйлыкка талапкерлерди тандаган уюм. Беш Нобель комитети бар, алардын ар бири сыйлыкты алган окумуштуу Альфред Нобель белгилеген беш категориянын биринде талапкерлерди тандайт.